Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Кабулдагы бүгүнкү жарылуудан 16 адам каза тапты


Автоунаа айдаган жанкечти жасаган жардыруудан каза тапкандардын алтоосу италиялык аскерлер, ону жөн –жай оогандар. Римден Италиянын коргоо министрлигинин билдиргенине караганда, жарылуудан алардын дагы төрт жоокери жарадар болгон. НАТО баштаган Эл аралык коопсуздук күчтөрү бутага алардын кербени алынганын ырастады. Ооган коргоо министрлигинин маалымат катчысы генерал Захир Азиминин айтымында, катуу жарылуудан кеминде жөн-жай он тургун каза тапкандан тышкары, элүүдөн ашык киши жаракат алган. Талибандын басма сөз өкүлү кол салууну алар уюштурганын билдирди. Окуя Кабулдун башкы аэропортуна бара жаткан жолдо болду. Бул - акыркы беш апта ичинде Кабулда же ага жакын жерде орун алган төртүнчү жарылуу.

XS
SM
MD
LG