Өлкөнүн Конституциялык соту Михай Гимпуну президенттин милдетин аткаруучу катары таануу менен оппозиядагы коммунисттердин аны дайындоодо процедуралык эрежелер бузулду деген доо –арызын четке какты. Михай Гимпу - Молдова парламентинин төрагасы жана июлдагы шайлоодо жеңишке жетишкен батышчыл коалициянын лидери. Ал президенттин милдетин аткаруучу болуп өткөн аптада бийлик мөөнөтү аяктаган коммунист президент Владимир Воронин кызматтан чегингенден кийин дайындалды. Молдова парламентиндеги европачыл коалициянын өкмөт курууга добуштары жетиштүү, бирок президентти өз алдынча шайлай алышпайт. Президенттин милдетин аткаруучу эми бекитилгенден кийинки биринчи кадамы премьер- министрликке талапкерди көргөзөрү күтүлүүдө.