Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн атайын кызматтары жолугушту


Бүгүн Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын конференциясынын он экинчи отуруму өттү. Ага Түркиянын улуттук чалгындоочу уюмунан, Азербайжандын Улуттук коопсуздук министрлигинен, Казакстан жана Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитеттеринен делегаттар катышышты. Отурумда тараптар конференцияга кирген өлкөлөрдүн аймагында терроризмге, каржы-банктык чөйрөдөгү жана электрондук акча айландыруудагы экспорт-импорттук операциялардагы кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө атайын кызматтардын биргеликте аракет кылуу жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү каралды.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын конференциясы 1998-жылы уюшулуп, ага Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Кыргызстан кирген. (SA)

XS
SM
MD
LG