Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Кадамжайда кутурмага шектелген жаран каза болду


Бул тууралуу Кадамжай райондук санитардык эпидемологиялык борборунун баш дарыгери Ысмайыл Карабаев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Марказ айылынын тургуну, 23 жаштагы Акылбек Тилеков кутурмага шектүү деген аныктама менен аймактык орууканада дарыланып жаткан учурда ата-энеси аныктама туура эмес коюлду деп, 14-сентябрда үйүнө алып кеткен. Бейтап ошол эле күнү өз үйүндө каза болгон. Бирок эч кандай кутурма менен жабыркаган жандык менен катнаш болгону аныкталган эмес. Маркумдун туугандарын жана жакындарын иликтөө мезгилинде аларга кутурма илдети жукпагандыгы аныкталган, учурда оорунун кандайча жугуп калганы иликтенүүдө. Аталган айылда ушул жылы кутурма илдети катталып, тосмолонгон болчу. (JsA)

XS
SM
MD
LG