Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Радарлар азырынча Чехия менен Польшада орнотулбайт


АКШ президенти Барак Обама ракеталардан коргонуу жабдыктарын Чыгыш Европада жайгаштыруу планына түзөтүү киргизди. Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында президент Обама АКШ абадан коргонуу стратегиясын өзгөртүп жаңы планды жактырганын, бул чечим АКШнын эң жогорку аскер башчылары тараптан бир добуштан колдоо тапканын маалымдады. Вашингтондун планына ылайык, америкалык радарлар азырынча Чехия менен Польшада орнотулбай турган болду. Обамадан кийин сөз алган Пентагондун жетекчиси Роберт Гейтс америкалык чалгынчылардын маалыматы боюнча, Ирандын кыска жана орто аралыктагы ракеталары мурдагы эсептөөлөргө караганда кыйла көбүрөөк коркунуч келтирерин, ошондуктан АКШ суу үстүндөгү кемелерге алардын жолун тороп, атып түшүрө турган жабдыктар орнотоорун маалымдады.

XS
SM
MD
LG