Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

Ошто кутурмага каршы акция башталды


Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун буйругу менен түштүк борборунда кутурмага каршы атайын акция жүргүзүлүүдө. Шаар жетекчилиги буга Баткен облусунда кутурма оорусуна шектелген 23 жаштагы жигиттин каза болуусунан улам барып жатат. Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай шаардык саламаттыкты бекемдөө борборунун кызматкерлери автоунааларга, базарларга жана эл көп чогулчу жерлерге кутурма оорусу тууралуу маалыматтар жазылган баракчаларды чаптап чыгышууда. Мындан тышкары мектептерде, окуу жайларда, ооруканаларда кутурма тууралуу маалыматтар тиешелүү дарыгерлер тарабынан берилип жатат.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Марказ айлынын кутурма оорусун жуктурган деп шектелген 23 жаштагы тургуну 15-сентябрда каза болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG