Жогорку Кеңештеги структуралык реформа маселеси парламенттин кароосуна келерки аптада киргизилет. Бул тууралуу ЖКнын “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү Рашит Тагаев бүгүнкү отурумда билдирди. “Ак жол” фракциясы структура боюнча
Азиз Турсунбаев баш болгон атайын жумушчу топ түзүлгөн. Топтун мүчөсү Исхак Масалиевдин билдиргени боюнча жумушчу топ структураны өзгөртүү боюнча бир жолу да чогулган эмес. Коммунисттер фракциясынын жетекчиси комиссия иштебей туруп, “Ак жол” фракциясы кандай жыйынтык чыгарышканына таң калганын жашырбады. Ушундай эле маалыматты социал-демократиялык фракциянын өкүлү, парламенттеги структуралык өзгөртүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун мүчөсү Иса Өмүркулов да билдирип, бир да жолу комиссиянын жыйынына чакырылбагандыгын билдирди.
Башкаруу системасын реформалоо боюнча КР президенти парламентте сүйлөгөндөн кийин, ЖК спикери А. Тагаевдин жарлыгы менен парламенттин Иш башкармалыгынын жана аппаратынын түзүлүш долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүлгөн. Ага “Ак жол”, Коммунисттер фракциясынын лидерлери Улукбек Ормонов жана Исхак Масалиев, социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Иса Өмүркулов мүчө болуп киришкен. Жумушчу топко спикердин орун басары, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Азизбек Турсунбаев жетекчилик кылган.(ZKo)