Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:02

К. Кадыровду кол тийбестиктен ажыратууга 76 депутат макул болду

Фракцияларда кеңешип келишкен соң, 85 депутаттын ичинен 76 эл өкүлү Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратууга макулдугун берди. Бул маселе Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин катышуусу менен каралды.

Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровго Башкы прокуратура тарабынан 23-июлда Балыкчыдагы баш-аламандыкты уюштуруучу катары айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Оппозициялык бириккен кыймыл Балыкчыда баш-аламандыктардын чыгышына добуш берүү учурундагы мыйзамсыздыктарга жол берген жергиликтүү бийликти күнөөлөп, депутат Кубанычбек Кадыровдун айыпталышын саясий куугунтук катары баалаган.(ZKo)
XS
SM
MD
LG