Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Баш прокурор: К. Кадыровдун баш коргоо чарасы анын өзүнөн көз каранды болот


Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдиргени боюнча социал-демократ депутаттын кармалышы, камалышы анын өзүнүн жүрүш-турушунан көз каранды болот. “Биз анын кол тийбестигин албай туруп деле тергөө иштерин жүргүзө бермекпиз, бирок ал өзү тергөөгө келбей койду. Эми мындан ары дагы анын баш коргоо чарасы Кадыровдун өзүнүн аракеттерине байланыштуу болот,” деп белгилеген баш прокурор жакынкы күндөрү К. Кадыров камалышы ыктымалдыгын да жокко чыгарган жок.

Башкы прокурордун маалыматы боюнча социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровго “шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган”, “милиция кызматкерлерине кол көтөргөн” жана “баш-аламандык уюштурган” деген айыптар менен кылмыш иши козголгон.

Кубанычбек Кадыров өзүнө карата Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун тактап берүү өтүнүчү менен буга чейин сотко кайрылган. Депутаттын үстүнөн кылмыш ишинин козголушун оппозиция саясий куугунтук катары баалоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG