Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Оппозиция К. Кадыровго байланыштуу саясий бюрого чогулат


Бюро дүйшөмбү күнү болот, анда 23-июлдагы шайлоодогу мыйзамсыздыктарга нааразылыгын билдиргени үчүн камакка алынып, соттолуп жаткандардын маселеси да козголот. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген БЭКтин саясий бюро төрагасы Алмазбек Атамбаев бийлик менен сүйлөшүү маселеси да каралышы ыктымалдыгын маалымдады. Ушул тапта Алмазбек Атамбаев социал-демократтар фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушууда.

Бүгүн ЖК социал-демократ депутат Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн колдоп берди. Кубанычбек Кадыровго “шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган”, “милиция кызматкерлерине кол көтөргөн” жана “баш-аламандык уюштурган” деген айыптар менен кылмыш иши козголгон. Депутат өзү жана бириккен оппозициялык кыймыл мунун артында бийлик турат деп эсептешет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG