Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:22

Б.Акунов:Депкомиссия шашылыш чечим чыгарды


Жогорку Кеңештин СДП фракциясынан депутат Кубанычбек Кадыровго байланыштуу иш боюнча депутаттык комиссия шашылыш чечим чыгарды.Бул тууралуу парламенттеги Кыргызстан коммунисттери фракциясынан депутат Бейшебек Акунов “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, депутаттык комиссия бир айдын ичинде Кубанычбек Кадыровдун кол тийбестик макамын алууга түрткү болду деп айтылып жаткан бардык жагдайларды текшерип чыгууга тийиш эле. “Бирок булар шашып-бушуп бир жуманын ичинде чече коюшту. Комиссия К.Кадыров айыпталып жаткан Балыкчы окуясы боюнча жер-жерлерге барып жана камалып жаткан кишилер менен сүйлөшкөн эмес.Мындан тышкары ошол Балыкчыдагы шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылды деп жаткан кишилердин дагы пикирин уккан эмес”,-дейт Акунов. Ал ошондой эле депутатты жоопко тартууга уруксат берүү тарыхта биринчи жолу болуп отурганын, 2005-жылы жергиликтүү администрацияларды басып алып, аким-губернатор, мэрлерди сыртка түртүп чыгарып, өздөрү алардын ордун ээлеп алышкандрга мыйзамдын чегинде эч кандай чара колдонулбаганын белгиледи.
“Ак жол” фракциясынын лидери, депутаттык комиссиянын төрагасы Улугбек Ормонов болсо кесиптеши Кубанычбек Кадыровдун депутаттык кол тийбестик макамынан ажыратуу мыйзамдын алкагында болгондугун, парламенттин мурдагы чакырылышында Айдар Акаев депутаттык мандатынан ажыратылгандыгын айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG