Алар милиция күчтөрү менен атышуу учурунда жок кылынган. Интерфакс агенттиги коопсуздук тармагын тейлеген жергиликтүү өкүлдөргө шилтеме жасап кабарлаганынан караганда, атышуу кечээ Дагестандын Кизляр районунда болгон. Соңку кездери Орусиянын Кавказ чөлкөмүндө исламчыл согушкерлердин кол салуулары күчөгөнүнө байланыштуу тынчыздануулар айтылууда.