Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Түркия Иракка сууну көбөйтүүгө макул болду


Түркия Ефрат дарыясынан кеткен суунун агымын көбөйтүүгө макул болгону жөнүндө Ирак тарап кабарлады. Өлкөнүн басма сөз катчысы Али ал-Дабахтын билдирүүсүнө караганда, Анкара байыл октябрдын жыйырмасына чейин Ефрат дарыясынан Иракка секундасына 450-500 кубометр суу берип турууга көндү. Мындай жарыянын алдында Стамбулда Ирактан тышкы иштер министри Хошияр Зебари, Түркиядан экология министри Вейсел Эроглу катышкан сүйлөшүүлөр өткөн эле. Ирак менен Сирия Түркия Ефрат жана Тигр дарыяларында өзүнүн түштүк –чыгыш суу менен камсыз кылууну караган ири долбоордун алкагында бир нече дамбаларды куруп, бул эки дарыянын суусун монополдоштуруп алганына такай даттанып келет.

XS
SM
MD
LG