Исфара райондук милициясынын кылмыш издөө бөлүмүнүн башчысы Саидумар Саидовду кечээ үйүнүн чыгып бара жаткан кезде белгисиз бирөөлөр башка эки ирээт аткан. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлады. Исфарада быйыл буга чейин милициянын эки офицери кол салуудан оор жаракат алган болчу. Расмий тарап ал кол салуулар үчүн диний экстремисттик топторду айыптаган.