Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Өзбекстандагы кыргыздардын абалы кыйын


Аксы районундагы Торук айлынын Өзбекстан бөлүгүндө турган кыргыздарга бийлик кайдигер. Атын айтпаган кыргыз жаранынын маалыматы боюнча торуктуктар райондогу Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө көчүрүп алуу, турак-жай үчүн жер жана каражат берүү талабы менен кыргыз бийлигине нечен ирет кайрылганынан жыйынтык жок. Натыйжада Өзбекстан өз чек арасына аң казганда ага туш келген эки кыргыз үй- бүлө турак- жайын бузууга мажбур болду. Аларга бузулган үйүнүн курулуш материалдарын Кыргызстанга ташып өткөнгө өзбек чек арачылары уруксат бербей атат. Торуктун өзбек бөлүгүндө 22 кыргыз үй- бүлөсү калган. Алар Өзбекстан тосуп алган кыштакта жашаганы менен, пенсия, жөлөк пулду Аксы районунан алат, жер үлүшү да Аксыдан берилген. Жумушка жарактуулар да ушул жакта иштеп, окуучулар Кош- Дөбөнүн мектебинде окушат. (YA)

XS
SM
MD
LG