Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Талиб жол башчысынкы делген билдирүү жоопсуз калды


Ооган талибдеринин жолбашчысы молдо Омордуку деген билдирүү Орозо айт майрамын утурлай Талибан пайдаланган интернет сайттарынын биринде жарыяланды. Анда молдо Омар Батыш өлкөлөрүнүн Ооганстандагы аскерлери акыр жеңилерин белгилеп, аларга Ооганстандын аскерий тарыхынан сабак алуу туура болмоктугуна токтолгон. АКШ жана НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы өкүлдөрү бул билдирүүнү комментарийлөөдөн баш тартты. Ал эми талибдердин басма сөз катчысы Кари Юсуф молдо Омордун интернеттеги билдирүүсү нукура экендигин белгиледи. Америкалык аскерий өкүлдөр ооган талибдеринин лидери Пакистандын аймагында жашырынып жүрөт деп болжолдошот.

XS
SM
MD
LG