Уйгур оппозициясынын сүргүндөгү лидери Рабия Кадыр тууралуу фильм Тайванда Кытай капа болот деген тынчызданууларга карабай көргөзүлгөн жатат. Документалдуу фильм көрөрмандарга Тайвандын түштүгүндөгү Каосиунг шаарында башталып жаткан кинофестивалды утурлай сунуш кылынмакчы. Уйгурлардын Дүйнөлүк курултайын жетектеген Рабия Кадырды Кытай быйыл июлда Шинжаң- уйгур автоном районун борбору Үүрмчүдө орун алган улут аралык тополоңдун артында турган деп эсептейт. Кытайдын Тайвань боюнча иштерди тейлеген мамлекеттик агенттиги уйгур лидери жөнүндөгү фильмди айыптады. Ушул жылдын башында эле Кытайдын ал кинону Австралиядагы фестивалдын программасынан алуу аракеттенинен майнап чыккан эмес.