Бул тууралуу БЭКтин лидерлери “Азаттыкка” билдиришти. Жыйында бириккен оппозициянын ички маселелери талкууланмакчы. Алардын катарында депутат Кубанычбек Кадыровго байланышкан маселе да бар. Жогорку Кеңеш 18-сентябрда Башкы прокурордун сунушунун негизинде Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткан СДП фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестик укугунан ажыраткан. Фракцияда бул маселени партия лидери Алмаз Атамбаев менен чогуу жума күнү кечке жуук талкуулоо аракети кворум жоктугуна байланыштуу ордунан чыкпай калган. (BuS)