Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Хамид Карзай талиптерди тынчтыкка чакырды


Ооганстандын президенти Хамид Карзай Орозо айт майрамында “Талибан” кыймылын тынчтыкка чакырды. Карзай талиптерди согуштан баш тартып, өз жеринде өз элин өлтүрбөөгө үндөдү. Хамид Карзай эгерде шайлоодо жеңгени тастыкталса, талиптер менен сүйлөшүүгө умтуларын билдирди. Мунун алдында “Талибан” кыймылынын лидери молдо Омардын интернеттеги баракчада кайрылуусу чыкты. Анда молдо Омар АКШны Ооганстандан аскер күчтөрүн чыгарып кетүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG