Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

Ооган аскерлери жана эл аралык күчтөр бүгүн согушпайт


Ооган армиясы жана эл аралык күчтөр эл аралык Тынчтык күнүнүн урматына бүгүн согушкерлерге каршы операцияларды жүргүзбөөнү чечишти. Ооганстандын коргоо министрлигинин басма сөз өкүлү Мохаммад Захир Азиминин айтымында, ооган аскерлери аларга чабуул жасалбаса эле, козголоңчулардын турумдарына сокку урушпайт. Жакында АКШ жана НАТО аскерлеринин Ооганстандагы кол башчысы генерал Стэнли МакКристал 21-сентябрда эларалык күчтөр аскерий операция жүргүзүшпөйт деп билдирген. Эларалык Тынчтык күнү 1981-жылы БУУнун Башкы ассамблеянын демилгеси боюнча белгилене баштаган. 2002-жылы 21-сентябрь “ок атышууну токтотуу жана зомбулуктан баш тартуу” күнү деп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG