“Парламенттеги “Ак жол” фракциясынын чечими президент Курманбек Бакиевдин коомдук ишмерлердин кайрылуусуна расмий жообу деп түшүнсө болот. Себеби, депутат Кубанычбек Кадыровдун депутаттык кол тийбестигине байланыштуу маселе боюнча Ысык-Көл облусунун коомдук-саясий ишмерлеринин кайрылуусу парламентте каралуудан мурда бир нече күн мурда жарыяланган жана президентке берилген”,-деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка”. Анын айтымында, “Ак жол”фракциясы команда берилгендей тездикте К.Кадыровду депутаттык кол тийбестик макамынан ажыратты.
Ал эми параменттеги Кыргызстан коммунисттери фракциясынан депутат Хажимурат Коркмазов болсо депутат Кубанычбек Кадыровдун кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссия мыйзамдын чегинде иликтеп чыгып, Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канаатандырган чечим чыгарганын билдирген. (AJ)