Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Б.Бешимов: Кыргызстан өз алдынчалыгын жоготту


“Кыргызстанда парламент жок. Бакиевдин куурчак парламенти бар. Кубанычбек Кадыровду кол тийбестик депутаттык макамынан ажыратуу-бул кылмыш”,- деген Бакыт Бешимовдун пикири анын интернет блогунда басылып чыкты. Ал ошондой эле 2009-жылдын 23-июлунда Кыргызстанда 1990-жылы башталган демократиялык процесс күч менен токтотулгандыгын, калган алсыз демократиянын институттары коркунучта калып, бийлик жалгыз К.Бакиевдин колунда экендигин белгилеген. “Кыргызстан ички жана тышкы саясатта өз алдынчалуулугун жана көз карандысыздыгын жоготуп, мамлекет тыштан башкарылып калганы факт”,-деген Бешимов. Маалыматтарга караганда ал учурда АКШда дарыланып жүрөт. Айрым саясат талдоочулар Бакыт Бешимовдун айткандары турмуш чындыгына коошпостугун, ал президенттик шайлоодо СДПнын лидери Алмазбек Атамбаевдин штабын жөндөп жетектей албаганынан улам АКШга кетип калганын айтышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG