Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Италия: Ооганстанга кошумча аскер жөнөтүлбөйт


Италия азырынча Ооганстанга кошумча аскер жөнөтпөйт. Бул тууралуу Италиянын коргоо министри Игнацио Ла Русса билдирди. Кечээ (21-сентябрда) коргоо министри өткөн аптада Ооганстанда жанкечтинин кол салуусунан набыт болгон алты италиялык жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Министр Ла Руссанын айтымында, НАТОнун көпчүлүк мүчөлөрү Ооганстанга Италияга караганда азырак жоокер жөнөткөн, же такыр эле жиберген эмес. Учурда Ооганстанда 3250 италиялык жоокер жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG