Батыш өлкөлөрү өз милдеттенмесине жараша Ооганстанга кошумча аскер жөнөтпөсө, козголоңчуларга каршы согуш ийгиликке жетпеши ыктымал. Бул тууралуу Ооганстандагы АКШ башындагы коалициялык күчтөрдүн командачысы, генерал Стэнли МакКристал коргоо министри Роберт Гейтске жолдогон докладында айтылат. МакКристалдын “Вашингтон Пост” гезити баскан рапортунун көчүрмөсүндө Ооганстандагы кырдаал өтө “татаал” деп мүнөздөлүп, эл аралык күчтөр 12 ай ичинде талиптерди талкалашпаса, ийгиликти биротоло колдон чыгарат, деп айтылат.