Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Президентке реформалоо сунуштары тапшырылды


Президенттик администрация башчысынын орун басары Каныбек Жороев башында турган жумушчу топ президенттин жана Кыргызстанды өнүктүрүү институттарынын түзүмү жана алардын иштөө жол-жобосунун долбоорлору боюнча сунуштарды иштеп чыгып, 21-сентябрда президент Курманбек Бакиевге тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, президенттин жана Кыргызстанды өнүктүрүү институттарынын түзүмүн жана алардын жоболорун ишке киргизүү үчүн Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Ага ылайык Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана башкаруу системасындагы структураларды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору жакын арада Жогорку Кеңешке сунушталат. Президент Курманбек Бакиевдин 1-сентябрда парламентте жарыялаган мамлекеттик башкарууну өзгөртүү багыттарынын негизиндеги сунуштарды иштеп чыгуу үчүн анын жарлыгы менен 4-сентябрда 11 кишиден турган топ түзүлгөн болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG