Линктер

шаршемби, 28-июнь, 2017 Бишкек убактысы 03:01

Балыкчыдагы сот эртең улантылат


Бүгүнүкү соттук отурумда Балыкчы окуясы боюнча күбөлөр суралды. Камактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын өтүнүчүн сот канаатандырган жок. Болгону айыпталып жаткан Айжаркын Асанованын ден-соолугунун начарлаганына байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу соттун жүрүшүнө күбө болгон Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз билдирди. Балыкчы окуясы боюнча жалпысынан 19 киши 23-июлдагы шайлоодо баш аламандык уюштурду, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, шайлоого тоскоол болду деп айыпталууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG