Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Бүгүн БУУ климаттагы өзгөрүүлөрдү талкуулайт


100дөн ашуун мамлекеттин лидерлери климаттагы өзгөрүүлөрдү талкуулоо үчүн бүгүн Бириккен улуттар уюмунун Нью-Йорктогу баш-кеңсесиндеги жыйынга катышууда. Аба-ырайынын ысышына түрткү болгон абага чыгарылып жаткан булганыч газдын көлөмүн кыскартууда саясий эрк керектиги айтылды. Бул жолку талкуу быйыл декабрда Копенгагенде өтчү жолугушууга жакшы пайдубал түзүп берет деп жатышат. Копенгагенде болсо булганыч газды азайтуу боюнча келишимге кол коюшмакчы. Ал келишим Киото протоколунун оордуна кабыл алынаары айтылууда.

XS
SM
MD
LG