Жүзгө жакын талип Түштүк Важиристан вилоятындагы полициянын постуна чабуул койгон экен. Өлкөнүн коопсуздук күчтөрү атышууларда бир аскер курман болгонун айтышты. Талиптер болсо түнкү атышууда 45 аскер өлгөн дешет. Коңшулаш Түндүк Важиристанда болсо сегиз талип окко учканын кабарланды.