Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Түрмөдө зордукталган ирандык жигиттин таржымалы


Иранда президенттик шайлоодон кийин камалгандардын бири Ибрахим Шарифи түрмөдө зордукталганын ачыктады.
Иранда президенттик шайлоодон кийин камалгандардын бири Ибрахим Шарифи түрмөдө зордукталганын ачыктады.

Укук коргоочу уюмдар БУУну Иранда президенттик шайлоодон кийин орун алган олуттуу укук бузууларды иликтөө үчүн атайын өкүл дайындоого чакырышууда.

Укук коргоочулардын ырасташынча, шайлоодон кийин камалгандардын түрмөдө “зордуктоого жана кыйноого кабылган” учурлары бар. Ирандын бийликтери мындай ырастоолорду четке кагышат. Төмөндө абакта зордуктоону баштан кечирген ирандык жаш жигит тууралуу сөз болот.


Ибрахим Шарифи 12- июнда өткөн президенттик шайлоодо ага талапкер болгондордун бири, парламенттин мурдагы спикери Мехди Карубинин шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө катышкан. Жыйырма төрт жаштагы студент жигиттин ырастоосунда, ал түрмөдө зордукталган. Бул маалымат коомчулукка ачыкталып кеткенден кийин үй бүлөсү бийлик өкүлдөрү коркутуусуна кабылып, ал өзү жашырынууга жана акырында мекенинен кетүүгө аргасыз болду.

Шарифинин айтымында, аны 23- июнь күнү Тегерандын көчөлөрүнүн биринен бир аз мурда мобилдик телефондон сүйлөшкөн бирөөлөр автоунаага күч менен түртүп киргизип, көзүн таңып алып кетишкен. Андыктан ал кайсыл түрмөгө алынып барылганын да так билбейт:

-Алар мени автоунаалардын үнү угулбай турган жерге алып барышты. Машинадан түшүрүп, өзүмдүн жана тегерегимдегилердин дем алганын гана уга ала турган жайга түртүп киргизишти. Мени ичимден жаткызышты. Уктадымбы, уктаган жокмунбу билбейм. Эртең менен болуш керек уңулдап ыйлап, “урбагыла, урбагыла”, -деп кыйкырып жаткан аялдын үнүн уктум. Ал эмне деген камак жай экенин так билбейм, колдорум жана көзүм таңылуу эле.

Ал эми зордуктоого кандайча кабылганы жөнүндө Ибрахим Шарифи “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун фарси кызматы – “Фарда” радиосуна буларды айтып берген:

-Төртүнчү күнү алар мени дарга аса турганын айтышты. Бул алардын бизге карай жасаган калп аракети эле. Мен каршылык билдирип, “Бул эмне дегендик, мени өлтүргүңөр келсе жөн эле өлтүрүп койгула. Эмне үчүн мындай оюндарды ойноп жатасыңар”,- дедим. Кимдир бирөөсү мени ичке тепти, мен жерге кулап түштүм. Ал мени тепкилөөнү улантты. андан соң башка бирөөсүнө “алып барып, боюна бүтүр”,- деп айтты. Мени дагы мени тепкилешти. Менден кан кетип, ичимен жаракат алдым. Андан соң мени башка бөлмөгө алып барып, колуман дубалга таңып салды.Түрмөдөгү сакчы мени зордуктоодо эмнени пайдаланганын билбейм. Эсимди жоготум койдум окшойт. Ал мени “силер өзүңөрдү өзүңөр коргой албайсыңар, анан кантип жибек ыңкылабын ишке ашыра аласыңар”,- деп шылдыңдады.

Президенттик шайлоодон кийин камакка алынгандар абакта кордоого кабылганы тууралуу Ибрахим Шарифинин баштан кечиргенинин мисал кылып, коомчулукка оболу талапкер Мехди Карубинин өзү маалымдап чыккан эле. Өз окуясын Карубиге кандайча айтып бергени тууралуу Шарифи мындайча билдирди:

-Мен зордуктоо фактысын коомчулукка айтпайын дегем. Абактан чыккан соң арыз жазуу үчүн полицияга бардым. Алар “абактан чыкканыңа шүгүрчүлүк келтир, бул чалгын министрлигинин иши”,- дешти. Акыр аягында мен дарыгерден кагаз алдым жана досторумдун бирине айттым. Ал дин өкүлдөрүнө жер Карубинин өзүнө айтуумду сунуштады. Мен Карубиге жолукканымда да зордуктоо фактысын ачыктагым келген жок, бирок аны менен сүйлөшүм жаткан кезде көзүмдө жаш турган эле. Ал бир нерсени жашырып жатканымды сезди жана бөлмөдөгүлөрдүн баарын чыгып кетүүсүн өтүндү. Мени менен сүйлөшүп, Курандан үзүндүлөрдү окуду. Зордуктоо фактысы чын эле орун алдыбы деп такып сурады. Мен “ооба” деп жооп бердим да, ыйлап жибердим. Ал да көзүнө жаш алды, мени кучактады, абдан капа болду. Качан мени Тегерандын прокуратурасынын Мохадами ысымдуу тергөөчүсү суракка алганда, бул зордуктоо окуясынан бир жарым айдан кийин, дарыгерден кайра кагаз алууга туура келди. Бирок алар эч кандай белги калбаганын айтышты. Бирок сот тармагында иштегендердин бири алар атүгүл мени зордуктоодо кандай өлчөмдөгү буюм колдонулганын да аныктоого кудурети жетээрин айткан. “Бул биздин иш”,- деп койду.

“Хьюман Райтс Уочт” жана Ирандагы адам укуктары үчүн эл аралык өнөктүк деп аталган уюм БУУну Иранда шайлоодон кийин орун алган олуттуу укук бузууларды иликтөө үчүн атайын өкүл дайындоого президенти Махмуд Ахмадинежаддын шаршембиде Башкы ассамблеяга сүйлөөсүн утурлай жасаган билдирүүсүндө чакырышты.

Аталган уюмдардын 22-сентябрдагы билдирүүсүндө айтылган маалыматка караганда, Иранда июнь айынан бери 4 миңден ашуун адам камалган, алардын 400гө жакыны азыр деле түрмөдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG