Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Арам Акопянды жеңиши менен спорт коомчулугу куттуктады


22-cентябрда кыргыз спорт коомчулугу өлкө тарыхындагы мүмкүнчүлүктөрү чектелгендердин Тайпейдеги дүйнөлүк олимпиадасында коло байге уткан дүлөй балбан Арам Акопян менен жолугушту.

Кыргызстандык мүмкүнчүлүктөрү чектелген спортчулар биринчи жолу Тайпейде өткөн 21-дефлимпиядалык оюндарга катышып жалпы жыйынтыкта 9-орунга ээ болушкан.

Бул кулагы начар уккандар, дүлөйлөр үчүн Олимпиадалык оюндун эле бир түрү. Ал 1924-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл ал Тайпей шаарында өтүп, ага 120 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Бул оюндарга Кыргызстандан 10 спортчу барган.

Кыргызстандык Арам Акопян грек- рим күрөшү боюнча жарым финалга чейин жетип, ирандык балбанга аз упай айырма менен алтын медалды алдырып ийген. Ал эми коло медалга күч сынашуу катуу жүрүп, анын жыйынтыгында Арам Акопян жеңүүчү болуп табылган.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев бул жеңиш Кыргызстан үчүн маанилүү экендигин белгиледи. “Былтыр Бээжинде өткөн олимпиадалык оюндарда грек-рим күрөшүнөн Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев күмүш менен коло медалга ээ болуп кайтышып, өлкө президенти тарабынан колдоого алынган. Эми Арам Акопяндын дефалимпиялык жеңиши алардын жетишкендигине барабар”- деди ал. (KM)

XS
SM
MD
LG