Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Глобалдык жылуулук боюнча БУУнун саммити өтүүдө


Нью-Йорктогу саммитке 100дөн ашуун мамлекеттин лидерлери келишкен. Аба-ырайынын ысышына түрткү болгон абага чыгарылып жаткан булганыч газдын көлөмүн кыскартууда саясий эрк керектиги айтылды.

АКШнын президенти Барак Обама жаратылыш коркунучтарынын алдын алууда ыкчам аракеттер көрүлүшү зарыл экенин, антпесе жакынкы жылдары “оорду толгус жоготуулар” болушу ыктымал экенин эскертти. Бирок Обама өзүнүн администрациясы тарабынан эч кандай жаңы сунуш киргизген жок. Улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун болсо дүйнөлүк лидерлер быйыл климаттагы өзгөрүүлөр боюнча жаңы келишимге жетишпесе, бул “моралдык жоопкерсиздикке” жатмак деди.

Бул жолку талкуу быйыл декабрда Копенгагенде өтчү жолугушууга жакшы пайдубал түзүп берет деп жатышат. Копенгагенде болсо булганыч газды азайтуу боюнча келишимге кол коюшмакчы. Ал келишим Киото протоколунун оордуна кабыл алынаары айтылууда.

Саммитке Кыргызстандын премьер-министри Игорь Чудинов жетектеген делегация да катышып жатат. Кыргызстандык журналист Мамасадык Багышов Нью-Йорктогу саммиттен "Азаттыкка" билдиргенине караганда, саммитке эки ири мамлекет - АКШ менен Кытайдын - президенттери катышып жатышын көпчүлүк жакшы жышаан катары баалашты. Анткени дал ушул эки өлкө дүйнөдөгү мамлекеттердин ичинде абага булганыч газды эң көп чыгарган өлкөлөрдөн деп эсептелет жана алардын чечимдери маселеде ийгиликке жетишүүгө өзгөчө роль ойнойт.

XS
SM
MD
LG