Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Нью-Йоркто кыргыз-түндүк америка ишкер кеңеши өттү


Кечээ Нью-Йоркто соода жана өнүгүү боюнча Кыргызстан-Түндүк Америка ишкер кеңеши өттү. Анын ачылышына Кыргызстандан премьер-министр Игорь Чудинов баштаган делегация катышты. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын кабарына караганда кыргызстандык делегация сапар маалында Мамлекеттик департаменттин, Эл аралык Валюта Корунун, Дүйнөлүк Банктын жана “Майкрософт” корпорациясынын жетекчилери менен жолугушат. Премьер-министр баштаган делегация АКШга БУУнун Башкы Ассамблеясынын климаттагы өзгөрүүлөрдү талкуулаган 64-сессиясына катышуу үчүн барган. Делегациянын курамында Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев, Каржы министри Марат Султанов бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG