Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

Дин агенттиги токтом долбоорун талкууга койду


Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик “Диний ишеним эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамдын 30-беренесинин 2-бөлүмчөсүн ишке ашыруу жөнүндөгү токтом долбоорун коомчулуктун талкуусуна койду.
Мыйзамдын негизинде долбоорго диний багыттагы жайларды, диний уюмдарды, Кыргызстандагы чет өлкөлүк диний уюмдардын өкүлчүлүктөрүн, диний ишмердик үчүн Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандарды каттоо, диний адабияттарды, башка басылмаларды, аудио материалдарды өндүрүү, сатып алуу жана аларды өлкөдөн чыгаруу, киргизүү тартиби жөнүндөгү бир катар жоболордун долбоорлору тиркелген. "Диний ишеним эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү" жаңы мыйзам эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын сынына кабылган.(BuS)

XS
SM
MD
LG