Кыргыз өкмөт башчысы 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу жогорку деңгээлдеги саммитине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.Жыйында сөз сүйлөгөн Игорь Чудинов дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсү тоолуу Кыргызстанда өзгөчө сезилип жатканын, акыркы 100 жылда Кыргызстанда аба-ырайы 0.8 даражага, ал дүйнөдө 0.6 даражага жылыганын билдирди. Планетанын жылуусу мөңгүлөрдүн эрүүсүнө алып келип жатканы, Кыргызстан Киото протоколун жана БУУнун тийешелүү конвенциясын аткарууга тийиштүү чараларды көрүп жатканын өкмөт башчы өз сөзүндө белгилеген. (AiT)