Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Кесиптик кошуунда башчы алмашты


Кыргызстан кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасынын орун басары Накен Саалиевден алынган маалыматка караганда, бүгүн федерациянын пленуму болуп, анда федерациянын төрагасы Бакыт Иманалиевдин арызы каралды. Арызда Иманалиев аны төрагалык кызматтан бошотууну өтүнгөн. Пленум арызды канааттандырып, Иманкадыр Рысалиев Кыргызстан кесиптик кошуундар федерациясынын төрагалыгына шайлады. Бакыт Иманилевдин кызматтан кетүүсүнө федерация ичинде анын ишине нааразылыктар себеп болгону айтылууда. Ал өзү бул кызматка келгенине жети айдын тегереги болгон эле.(AiT)

XS
SM
MD
LG