Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Мамлекеттик тил мыйзамынын 20 жылдыгы белгиленди


Бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынышынын 20 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу жыйын болуп, ага президент Курманбек Бакиев катышты. Өз сөзүндө президент кыргыз тили өнүгүүгө муктаж экенин белгилеп, тилдин азыркы абалына улуу муун-биздин да күнөөбүз бар деди. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында өткөн жылы 100 миллион сом, быйыл 94 миллион сомго китеп чыгарылып, бирок финансылык чатактарга байланыштуу чыгарылган 34 миң китеп таркатылбай турганын президент белгиледи. Президенттин сөзүнө караганда, азыркы мезгилде расмий тилде жүрүп жаткан жыйындар, иш кагаздар бара-бара мамлекеттик тилге өткөрүлөт. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын башчысы Ташбоо Жумагулов “Даңк” медалы менен сыйланды. (AiT)


XS
SM
MD
LG