Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Аксыда селден жапа чеккендердин абалы оор


Кечээки нөшөрлөп жааган жаандан пайда болгон сел райондун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Жеңижок айлындагы он чакты үйдү каптаган. Айыл башчысы Чыңгыз Конгантиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча сел короо-жайларды каптап, эшик-терезелерден үйлөрдүн ичине чейин кирип кеткен. Бүгүн эртең менен айылдагы абал менен таанышуу үчүн келген Жалал-Абад облусунун губернатору Кошбай Масиров жергиликтүү элдин арыз-муңун укпай, тескерисинче кагып-силкип урушуп кетти, дейт Чыңгыз Конгантиев. Айыл башчысы суук түшүп калган убакта короо-жайын, там-ташын суу каптаган жергиликтүү тургундардын абалы оор болууда, деп белгилейт.

Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы Аксы районундагы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн атайын техникалар ишке киришкенин кабарлоодо.

22-сентябрь күнү жүргөн селден Аксы районунун Авлетим айыл округунда эки үй авариялык абалга кептелген. Ал эми Кара-Жыгач айылдык округунда 12 үй короо-жайы менен жабыркаган. Нөшөрлөгөн жаандан пайда болгон сел Таш-Көмүр-Кербен автожолунун 26-30 чакырымдарын жууп кеткен.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG