Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

БУУнун башкатчысы саммитке жогору баа берди


Пан Ги Мундун айтымында, дүйнөлүк саммит глобалдык жылуулукка каршы күрөшкө жаңы дем берүү менен катар бул маселе боюнча эл аралык келишимге жетүүнү жакындатты. Башкатчынын пикиринде, конкреттүү чаралар быйыл декабрда Копенгагенде өтүүчү жыйында макулдашылуусу мүмкүн:

-Биз бетме –бет өткөн жеке талкуулардан улам позицияларды жакындаштырууга, өнүгүп келе жаткан жана өнүккөн өлкөлөр ортосундагы ишенимди чыңдоого жардам бердик. Бул саммитсиз дүйнө Копенгагенде акыркы сызыкты кесип өтө алмак эместигине мен толук ишенем.

Нью-Йорктогу бир күндүк жыйынга жүздөй өлкөнүн лидерлери катышты. Анын жүрүшүндө дүйнөнүн эң ири эки булгоочусу АКШ, Кытай булганыч газдардын бөлүнүүсүн кыскартуу боюнча жаңы чараларды убада кылган. Бирок эки президент Барак Обама, Ху Цзиньтао да бул багытта жаңы саясатты сунуш кылышкан жок. Учурдагы сүйлөшүүлөр 1997-жылы кабыл алынган Киото келишимин алмаштыруучу макулдашууга жетүүнү максат кылат.

XS
SM
MD
LG