Иран ислам катышуу майданы деп аталган уюмдун төрага орун басары Азар Мансоури кечээ кечинде камалганын ирандык реформачылардын “Nooroznews” деп аталган интернет сайты кабарлады. Реформачылар арасындагы бул айым ишмер президент Махмуд Ахмадинежаддын кайра шайлануусун тааныбагандарды куугунтуктоо өнөктүгүнүн алкагында камалган. Иран ислам катышуу майданынын билдиргенине караганда, бийликтер буга чейин алардын кеминде 20 мүчөсүн камакка алды. Уюмдун лидери Мохсен Мирдамадинин өзү да камакта. Ал Тегеранда 12-июнда президенттик шайлоодон кийинки орун алган тополоңдорго катышкан де айыпталып, иши сотто каралууда.