Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Башкы ассамблеяда дүйнө лидерлери сүйлөй баштайт


Барак Обама бүгүн АКШ президенти катары Башкы ассамблеяда алгачкы сөзүн сүйлөмөкчү. Анын сөзүнүн Ак үй алдын ала тараткан үзүндүлөрүнө караганда, Обама дүйнө лидерлерин глобалдык көйгөйлөргө каршы турууда жогорку жоопкерчиликти көргөзүүгө чакырмакчы.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 64-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко 120дан ашуун өлкөнүн лидерлери чогулду. Жыйын Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегизде ачылат.

Бүгүн Башкы ассамблеяда сөз сүйлөөчүлөр арасында Ливиянын лидери Муаммар Кадафи да бар. Бул - анын БУУнун жыйынына соңку 40 жылда биринчи ирээт келиши. Бүгүн ошондой Иран президенти Махмуд Ахмадинежад да сөз сүйлөйт. Германиянын өкүлдөрү эгер ал Холокосту жалган деген мурдагы ырастоосун кайталаса, жыйын залынан чыгып кетээрин билдиришти.

XS
SM
MD
LG