Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Балыкчыда адвокаттар сотко ишеним көрсөтпөй турганын билдиришти


Балыкчы окуясы боюнча соттолуп жаткандардын адвокаты Сартбай Жайчыбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча сот ишине төрагалык кылып жаткан Болот Дүйшөмбиев калыстыгынан тайып, айыптоочулар тарап болгону ага ишеним көрсөтпөөгө негиз берген. Адвокаттар бүгүнкү сот жараянында ошондой эле мамлекеттик айыптоочу Дөөлөтбек Дооронбаевге да ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдиришти. Жактоочу Сартбай Жайчыбековдун айтуусунда Д. Дооронбаев 22-июль күнү облустук күч структура жетекчилери биргелешип түзгөн оперативдүү-тергөөчү топтун ишин жүргүзүүгө милдеттендирилген:

-Али кылмыш болбой туруп, булар шайлоо боло электе укук бузуучулук менен мына ушундай топ түзүп, буйрук чыгарып отурушат. Ошондуктан, ал тергөө тобунун ишин көзөмөлдөп, “кулактар кайдан өсүп” атканын билип турган киши Балыкчы окуясы боюнча сотко келип, мамлекеттик айыптоочу болууга акысы жок. Бул деген КР жазык-процессуалдык кодексинин эң негиздүү укук бузууларынын түрүнө кирет.

Адвокаттын ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн сот Болот Дүйшөмбиев четке какты.

Балыкчы окуясына байланыштуу сот 24-сентябрда уланат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG