Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Барак Обама БУУдагы алгачкы сөзүн сүйлөдү


Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто бүгүн ачылган жыйынында мамлекет башчысы катары алгач сүйлөгөн сөзүндө Барак Обама дүйнө лидерлерин глобалдык көйгөйлөргө каршы турууда жогору жоопкерчиликти жана биримдикти көргөзүүгө чакырды.

-Американы дүйнөдө жалгыз аракеттенип келгени үчүн сындап жүргөндөр эми четте калып, Америка дүйнөлүк көйгөйлөрдүн баарын жалгыз чечүүсүн күтө албайт. Биз бүткүл дүйнө менен кызматташтыгыбыздын жаңы дооруна сөз менен да, иш менен да умтулабыз. Ар бирибизге глобалдык чакырыктарга берилүүчү глобалдык жооптун үлүшүн ала турган учур келди.

Обаманын айтымында, келечекти кепилдөө үчүн өтө олуттуу төрт маселени чечүү зарыл. Алар: өзөктүк куралдан арылуу, тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, планетаны жана адамдардын баарына мүмкүнчүлүк берген глобалдык экономиканы сактоо.

АКШ президенти белгилегендей, эгер Иран менен Түндүк Корея өзөктүк куралга умтулуусун эл аралык коопсуздуктан жогору койууну уланта бере турган болсо, алар жоопкерчилик тартуусу керек.

Обама өз сөзүндө Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жетишүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Израилдин тынчтыкта жана коопсуздукта жашоо укугу таанылуусу керектигин белгиледи. Ал эми Израилдин Иордандын Батыш жээгинде конуштарды курууну улантуусу мыйзамсыз экенин жана тынчтыкты көздөй жылууга жолтоо кылып жатканын кошумчалады.

АКШ президенти дүйнө лидерлеринен климаттагы өзгөрүүлөргө каршы аракеттенүүнү суранды.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 64-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко 120дан ашуун өлкөнүн лидерлери чогулду.

Бүгүн Башкы ассамблеяда соңку 40 жылдан бери биринчи ирээт Ливиянын лидери Муаммар Кадафи да сөз алды. Ал Коопсуздук кеңешин чечимдерге вето салууга укуктуу мүчөлөрүн БУУнун уставындагы принциптерди бузуп жатканы үчүн сынга алды. Коопсуздук кеңешинин вето салууга укугу бар туруктуу мүчөлөрү : АКШ, Британия, Орусия, Кытай жана Франция.

XS
SM
MD
LG