Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Өлүм жазасын киргизүү – абсолюттук укукка кол салуу


Мындай пикирин “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова билдирди. “Өлүм жазасы аркылуу кылмыштуулукка каршы күрөшүү бир да өлкөдө өзүн актаган эмес, ошондуктан, мыйзам кайра күчүнө кирсе Кыргызстан Иран, Ирак өлкөлөрүнүн катарына кошулат” деп билдирди укук коргоочу “Азаттыкка”. Анын пикиринде мамлекеттик кызматкерлердин жаңы демилгеси – “авторитардык системанын оорусу”.

Айрым кылмыштар үчүн өлүм жазасын калыбына келтирүү демилгеси кечээ Коопсуздук кеңешинин дин фанатизмине арналган аппарат жыйынында көтөрүлгөн. Ал иликтенип, президентке сунушталарын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров билдирди. Демилге Коопсуздук Комитетинин төрагасы Марат Суталиновдон колдоо тапты. Ал Батышка, ЕККУга кылчактоонун кажети жок деп билдирди:

- Менимче, бүгүн оозеки чечим кабыл алып, Коопсуздук кеңеш, Адилет министрлиги, башка укукчулар бул маселени иликтеп көрүп, мүмкүн айрым кылмыштар боюнча өлүм жазасын киргизүү керек.

Кыргызстанда өлүм жазасы колдонуу 2007-жылдан баштап мыйзамдардан алынып салынган. (BuS)

XS
SM
MD
LG