ИИМ Молдомуса Конгантиев бүгүн Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Вена шаарындагы туруктуу кеңешинде кыргыз милициясын реформалоонун жүрүшү тууралуу маалымат берет. Ошондой эле министр реформалоо жаатында алдыда аткарыла турган иштерди сунуштайт.
Мындай маалымат БУУнун Бишкек кеңсесинен жана ИИМдин басма сөз кызматынан алынды.
ЕККУ эки тараптуу меморандумдун негизинде 2003-жылдан бери Кыргызстандын милиция тармагын реформалоо боюнча программага колдоо көрсөтүп келатат. Макулдашууга ылайык программанын алкагындагы кызматташтык 2012-жылга чейин созулмакчы. (BuS)