Ооганстанда жол боюна коюлган эки бомбанын жарылуусунан 12 жайкын тургун, алардын ичинде аялдар жана балдар набыт болду. Кандагар вилайетинин губернаторунун басма сөз өкүлүнүн маалымдашынча, Панжвайи районунда бомбага 7 киши жарылган. Фарах вилайетинде тургундар бараткан унаа минага жарылып, беш киши мерт кетип, дагы сегизи оор жараат алды. Бийлик бул кол салуулар үчүн талип жоочуларын айыптады.