Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Обама менен Медведев Нью-Йоркто сүйлөштү


АКШ президенти Барак Обама менен Орусиянын лидери Дмитрий Медведев Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сүйлөштү. Эки өлкөнүн лидерлери стратегиялык куралданууну кыскартуу тууралуу жаңы келишим ушул жылдын аягына чейин түзүлөрүнө үмүт артышты. Обама менен Медведевдин сүйлөшүүсүнүн башкы темасынын бири – Ирандын өзөктүк программасы болду. Барак Обама эгерде Тегеран өзөктүк программасынан баш тартпаса, Иранга карата жаңы чектөөлөр киргизилерин белгиледи. Дмитрий Медведев кээде санкцияларды колдонуу зарыл болгонун айтты. Орусиянын президенти Москва Вашингтон менен ракетадан коргонуу системасы тууралуу маселеде кызматташууга даярдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG