Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Р.Отунбаева: Социал-демократтарды сүрүп чыгаруу аракети жасалууда


Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевди социал-демократтарды куугунтукка алып жатат деп бүгүн айыптады. Мындай куугунтуктоо социал-демократтарды чет өлкөлөргө сапарга чыккан парламенттик делегациянын курамына кошпой коюдан, автоунаа менен камсыздоо жагында байкалып жатканын Отунбаева белгиледи. Мисал катары депутат Кытайда жүргөн делегациянын курамына социал-демократтардын кирбей калышын, ошондой эле окуя ЕККУнун Европада боло турган жыйында да кайталана турган болуп жатканын белгиледи. Отунбаеванын пикиринде, төраганын мындай аракети социал-демократтарды парламенттин сүрүп чыгарууну көздөп турат. Өз кезегинде төрага Айтибай Тагаев айыптоолор негизсиз экенин, ал парламенттеги үч фракцияга бирдей мамиле кыларын билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG