ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Балыкчыда сот улантыла баштады

11-сентябрда балыкчы окуясы боюнча башталган соттук жараян бүгүн улантылды. “Азаттыктын” кабарчысынын Балыкчыдан маалымдоосуна караганда, бүгүн да күбөлөрдү суроо улантылып жатат. Балыкчы окуясы боюнча 19 кишиге 23-июлда президенттик шайлоо күнү массалык баш-аламандык уюштурган, конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө аракеттенген деген айыптар коюлган. Оппозиция 23-июлда Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери таза шайлоо талабы менен гана чогулганын, аларды тартип коргоо органдары себепсиз уруп-сабап таратканын билдирүүдө.(AiT)
​
XS
SM
MD
LG