Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Чек ара кызматы: Д.Ошурахунованы кармагыла деген тапшырма болгон


Кыргызстан Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбековдун бүгүн “Азаттыка” билдирүүсүнө караганда, Чек ара кызматына Динара Ошурахунова кармалсын деген тапшырма компетенттүү орган тарабынан берилген. Чек арачылар мына ошол тапшырманы аткарып, 24-сентябрда эрте менен "Манас" аба майданында Д.Ошурахунованы токтотушкан. Турусбеков Ошурахунованы кармоо тууралуу тапшырма эмне себептен жана кайсы орган тарабынан берилгенин айтуудан баш тартты. УКМКнын маалымат кызматы болсо бул окуя боюнча эч кандай маалымат бере алышпасын билдирди. Белгилүү болгондой, 24-сентябрда эртең менен "Манас" аба майданында паспорттук текшерүүдөн өтүүдөн “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова чек арачылар тарабынан кармалып, бир сааттан кийин бошотулган. Ошурахунованы кармоо тууралуу тапшырма УКМКа тарабынан берилгенин чек арачылар билдирген.(AiT)

XS
SM
MD
LG