АКШ президенти Барак Обама БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ядролук куралды жайылтпоо жана куралсыздануу маселесине арналган жыйынына төрагалык кылмакчы. Ага кеңешке кирген 14 өлкөнүн мамлекет башчылары катышат деп күтүлүүдө. Кечээ Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясы башталган. Ошол эле күнү орус жана америкалык президенттер ядролук куралды кыскартуу боюнча келишимге декабрга чейин жетишилиши мүмкүн деп билдиришти.